Ошто 19 жаштагы кыз асынып алды
Ош шаарында 2006-жылы туулган кыз асынып алды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып "Турмуш" басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, кыз Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан бильярд залынын имаратында өзүн асып алган.
Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, окуя 15-майдан 16-майга өткөн түнү милицияга катталганын билдирди.
15-майдан 16-майга өткөн түнүн Ош ШИИБге кабар келген.
Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан бильярд залынын имаратында 2006-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну М.к.Ф. асынып алган.
"Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.