61 айыл тоолуу айылдардын тизмесинен эмне үчүн чыгарылганы айтылды

19-май күнү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова («Альянс») эмне үчүн 61 айыл жогорку тоолуу аймактар тизмесинен чыгарылганын сурады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында ал 61 айылдын көбү азыркы учурда жок болуп калган.
 
Жогорку Кеңештин комитетинин токтомунун долбоорун — «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жогорку тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна макулдук берүү тууралуу» токтом долбоорун карап жатат. Маалыматка караганда, тизмеге өзгөртүү киргизилип, андан 61 айыл чыгарылып, ордуна 31 жаңы айыл кошулган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз