ТИМ 30-июндан баштап Орусияга кирүүнүн жаңы эрежеси күчүнө кирерин эскертти
Иллюстрациялык сүрөт
2025-жылдын 30-июнунан тартып Орусияга барууну пландаган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, кирүүгө пландаштырылган убакыттан кечиктирбестен 72 саат мурда атайын мобилдик тиркеме аркылуу Орусияга кирүү жана жашоо (же болуу) максаттары тууралуу билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү болушат.
КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, шашылыш дарылануу, оор абалдагы оору же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу документ түрүндө тастыкталган өзгөчө жагдайлар болгондо, бул билдирүүнү пландалган кирүү убактысынан кеч эмес 4 саат мурда тапшырууга уруксат берилет.
Учурда чет элдик жарандар үчүн «Госуслуги» тиркемесине окшош болгон RuID мобилдик тиркемеси иштелип чыгууда.
КР ТИМинин түшүндүрмөсүнө ылайык, чет элдик жаран бул билдирүүнү берүү менен анын санариптик профили түзүлөт. Бул санариптик профиль – бул жаран тууралуу маалыматтардын жыйындысы болуп саналат. Ал келечекте Орусиянын мамлекеттик органдары жана уюмдары менен электрондук форматта өз ара иш алып барууга, мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жеңилдетүүгө шарт түзөт.
Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, бул билдирүүнү бербеген чет элдик жаранга Орсия Федерациясынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө тыюу салууга мыйзам боюнча негиз жок. Бирок, Орусияга кирүү боюнча акыркы чечим түз эле мамлекеттик чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунда кабыл алынат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.