Ош: 625 орундуу мектепти сентябрь айында пайдаланууга берүү күтүлүүдө

Ош шаарында 625 орундуу жаңы мектептин курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, курулуштун келишимдик баасы 212 миллион сомду түзөт. Учурда жер төлөсүндөгү жумуштар дээрлик аяктап, мектептин курулуш иштеринин 80 пайызы бүттү. Объект сентябрь айында пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө. Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
 
«Ош шаарындагы “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында, С. Айни көчөсүндө жайгашкан 625 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу дээрлик соңуна чыгып калды. Учурда актоо-сырдоо иштеринин 90 пайызы бүткөн. Мектептин ичине суу жана жылуулук системалары киргизилип, тепкичтерди жана полду төшөө иштери калган. Ички жасалгалоо иштери бир айдын ичинде толугу менен жыйынтыкталат. Андан соң мектептин сырткы аймагын жашылдандыруу жана спорт аянттарын куруу иштери менен улантылат»,- деп айтылат маалыматта.
 
Мектеп заманбап талаптарга ылайык керектүү жабдуулар менен толук камсыздалат. Окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, мектептин аймагында суу сактагыч жана өзүнчө жылуулук берүүчү откана да курулду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз