Трамп украин-орус сүйлөшүүлөрү боюнча өзүнүн "кызыл сызыгы" бар экенин, ишке ашпаса чыгып кетерин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Москва менен Киевди тынчтыкка түртүүдөн баш тартууга алып келе турган «кызыл сызык» бар экенин айтты. Бул тууралуу ал 19-майда Ак үйдүн Сүйрү кабинетинде журналисттер менен жолукканда билдиргенин Sky News маалымдады, деп жазат "CentralAsia".
Видео жазмага караганда, журналисттердин бири Трамптан орус-украин согушун жөнгө салуудан баш тартуусуна себеп боло турган «кызыл сызык» анын башында барбы же жокпу деп сураган. АКШ президенти бул суроого төмөнкүчө жооп берген:
«Ооба, бул менин башымда бар, бирок бул тууралуу ачык жарыялагым келбейт... Себеби бул биздин иш. Бул менин согушум эмес. Мен айткым келгеним – биз аралашпашыбыз керек болгон нерсеге аралашып калдык... Ошондуктан менде белгилүү бир чек бар деп айта алам. Бирок ал чекти ачык айтпайм. Анткени, менимче, бул сүйлөшүүлөрдү андан да татаал кылат».
Журналисттер менен сүйлөшүү маалында Трамп Россия менен Украинада тынчтыкка жетүү үчүн «жакшы мүмкүнчүлүктөр» бар экенин айтып, «бул ишке чоң эгоисттер аралашканын» белгиледи. Ал ошондой эле мындай деди: «Бул Европанын маселеси болчу, ошондой бойдон калуусу керек эле». Анын айтымында, эгер тынчтык орнотуу боюнча жылыш болбосо, АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудагы ролун Европага тапшырат.
Владимир Путин тууралуу сүйлөп жатып, Трамп Россия президенти согушту токтоткусу келет деген ишенимин билдирди. «Менин бүт жашоом – келишимдер, бүт чоң бир келишим. Эгерде мен президент Путин бул согушту токтоткусу келбейт деп ойлосом, мен бул тууралуу айтмак эмесмин, жөн эле кетип калмакмын», – деди Трамп.
19-майда Дональд Трамп Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Андан кийин АКШ президенти Россия менен Украина «дароо» тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштайт деп жарыялады.
АКШ бийлиги апрель айында, жакынкы күндөрү жылыш болбосо, Россия менен Украинанын жаңжалы боюнча сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тарта турганын билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.