Ааламды айланган Арстанбап жаңгагы
Жакында генерал полковник, Министрлер Кабинетинини төрага орун басары, УКМКнын башчысы К. К. Ташиев мырзанын кыргыз жаңгагы тууралуу акыйкат белгилеген таасын пикири өтө орундуу жана талашсыз. Ушул ааламда аты чыккан кыргыз жаңгагынын өз мекенинде да грек жаңгагы деп аталып жүрүшү албетте өкүнүчтүү. Кыргыздар өзүбүздө миңдеген жылдар бою өсүп, түшүмүн өзүбүз жыйнап терген жаңгагыбызды “грек жаңгагы” деп жүргөнүбүз акыйкатта кечиримсиз. Атактуу полководец Александр Македонский (Искендер Зулкарнайн) кезинде Борбор Азияга чейин сан миндеген колу менен келип, жортуулдан кайтканда кыргыз жаңгагынан жүктөп кетип Грециядан ары бүт дүйнөгө таркалган.
Борбордук Азияда жашаган атагы таш жарган медицинанын алгачкы атасы болгон Авиценна (Абу Али Ибн Сина) көрө албастардын айынан алар өлтүрүп кое жаздаганда Европага качып кутулган. Кийин көп жылдар бою Европанын медицинасын байыткан илимий эмгектерди калтырган врач окмуштуу кыргыз жаңгагынын дарылыгы жөнүндө ( албетте ал убакта грек жаңгагы деп аталган) өтө баалуу маалыматтарды жазып кеткен жана аны менен көптөгөн жылдар бою адамдарды дарылап келген. Медицинада жаңгактын дарылыгы жөнүндөгү изилдөөлөр бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет.
“Өз элинде пайгамбар чыкпайт” дегендей кыргыз жаңгагынын легендасы бүт ааламга таркап, анын айтып бүткүс керемети дарылык касети бар кыргыз жаңгагы тууралуу Ташиев мырзанын пикири ириде жаштарыбызды мекенчил патриот өз жери анын керемет байлыктары жөнүндө сыймыктанып, ал байлыктарды көздүн карегиндей сактоого чакырганы колдоого аларлык. Өзүнүн дарылык касети менен дүйнө кезген атактуу жаңгагыбыз кайсы өлкөгө тараса ошол өлкөнүн атынан тарап кеткени өкүнүчтүү. Бирок кыргыз жеринин алтын топурагында өсүп түшүмү дүйнө элин дарылаган кыргыз жаңгагы өз атын алышы ал өзүбүздөн. Генерал полковник Ташиев мырза адилет белгилегендей биз кыргыздар өзүбүздүн жаңгагыбызды грек жаңгагы деп турсак, анан ким аны кыргыз жаңгагы деп атап бермек эле!?
Кыргыз жаңгагынын уюган жери кыргызстандын түштүгүндөгү атактуу Арстанбап өрөөнүндө жана Сузак районунун тоолуу Кара-Алма чөлкөмүндө кеңири тараган. Айрым аймактарда жаңгак мистеси бадам аралаш токойлор кездешсе атактуу Арстанбап өрөөнүндө жалаң жаңгак токойлор орун алган. Атактуу саякатчы дүйнө кезип, жаратылыштын кооз жерлерин изилдөөгө кызыккан Марко Поло Арстанбап өрөөнүндөгү миң жылдык жаңгактарды көрүп, өзүнүн күндөлүгүнө “ ак карлууу аскалуу тоолор менен кучакташып өсүп турган жаңгак токойлору не деген керемет. Алар жер шаарын тиреп турган аалам түркүктөрүн элестетет. Алты, жети адамдын кучагы жеткис жаңгак дарактары көк асманды желкесине көтөрүп турган Гераклди көз алдыга келтирет” деп жазгандын өзү эле жергебиздин керемет жаратылышына берген баа болуп эсептелет. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей ушул жерден бир мисалды келтире кетейин. Коңшу Өзбекстандын Анжиян облусунун атактуу бир карыясы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, көптөгөн орден медалдардын ээси, өтө урмат-сыйлуу аксакалга Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов ошол кезде Туркиянын эң кооз атактуу. Анталия курортуна жолдомо бердирейин десе, карыя ал жактан баш тартып, “Мага коңшу Кыргызстандын Жалал-Абадындагы Арстанбап пансионатына дем алуу сезону аяктаганча (4 айга) путевка жасатып бериңиз деп, Арстанбапты Анталияга алмашпайм деп коюптур. Көрдүңүздөрбү? Биздин жаратылышыбызды баалаган чет эл жарандарын. Мен үй-бүлөм менен мындан бир топ жыл мурун арстанбап пансионатында дем алганыбыз да ал карыяны көргөнмүн. Пансионаттын персоналы ошол карыя жөнүндө ушул маалыматты айтып берген эле. Баасы чыкпас кыргыз жаңгагы дүйнөнү дүңгүрөтүп, адамзатты түркүн илдеттерден тазалап, жашоонун жарык шамы боло берсин. Кыргыздар кыргыз жаңгагын өз аты менен атап жүрөлү.
Ардагер журналист Б. Калматова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.