Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Венгриянын опера театрынын ардактуу коногу болушту

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы Венгрия мамлекеттик опера театрына ардактуу конок катары барышты.

Концерттик программа ОТГнын (Орто Азия мамлекет башчыларынын) бейформал саммитинин алкагында уюштурулган маданий программанын бир бөлүгү катары көрсөтүлдү.
 
Венгрия мамлекеттик операсы — өлкөнүн башкы опера театры болуп саналат, ал Будапешт шаарынын борборунда жайгашкан. Бул имарат 1884-жылы ачылып, венгриялык архитектор Миклош Ибл тарабынан неоренессанс стилинде, барокко элементтери менен долбоорлонгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз