АКШ Катар Трампка берген учакты расмий түрдө кабыл алды

АКШнын Коргоо министрлиги Катар падышалык үй-бүлөсү тарабынан президент Дональд Трампка белекке берилген Boeing 747 учагын расмий түрдө кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу The New York Times гезити Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнеллдин ырастоосуна таянып жазды.

Парнеллдин айтымында, учак «федералдык бардык эрежелерге жана тартиптерге ылайык» кабыл алынган.
 
NYT жазгандай, АКШнын Коргоо министрлиги бул Boeing 747 учагын Air Force One катары колдоно баштоо үчүн коопсуздук жагынан кеңири текшерүүдөн өткөрүү жана олуттуу модификациялоо зарылдыгын моюнга алат. Парнеллдин айтымында, «Коргоо министрлиги президентти ташууга арналган учак үчүн коюлган бардык коопсуздук жана функционалдык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн иш алып барат».
 
21-майда АКШ президенти менен Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса жолуккан учурда NBC News телеканалынын кабарчысы Трамптан учак тууралуу суроо берүүгө аракет кылган. Журналист Питер Александер суроосун толук бере электе, Трамп аны бөлүп салган.
 
«Бул жерден кетишиң керек. [...] Алар Америка Кошмо Штаттарынын Аскер-аба күчтөрүнө реактивдүү учак берип жатышат, бул абдан жакшы. Биз башка көп нерселер тууралуу сүйлөшүп жатабыз! [...] Сен жаман журналистсиң. Журналист болууга татыктуу эмессиң. Акыл-эсиң жетишсиз», — деп жооп берген Трамп, NBCнин кабарчысы «Түштүк Африкадагы геноцид» темасын караса жакшы болмок деп кошумчалаган.
 
Катар падышалыгы Трамптын администрациясына президенттик учак катары колдонуу үчүн учак белекке берери жана аны Air Force One катары колдонуу пландары тууралуу маалымат 12-майда белгилүү болгон. Бул кабар АКШда талаш-тартыштарга себеп болгон — Демократиялык партиянын өкүлдөрү бул белекке байланыштуу иликтөө баштоону сунушташкан. Өз кезегинде Трамп учакты алуу келишимин «өтө ачык жана транспаренттүү» деп мүнөздөгөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз