Адылбек Касымалиев Ош шаарынын борбордук жаңы базарын көрдү

Бүгүн, 23-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын борбордук жаңы  базарын көрдү.

Ош шаарынан мэри Жеңишбек Токторбанв жаңы базардын курулуш иштери менен тааныштырып, маалымат берди. 
 
"Жаңы борбордук базардын жанына дагы базарлар курулуп жатат. Ал жерге "Келечек" базары, "Бексултан" базарлары көчүрүлүп келет",- деди мэр.
 
Министрлер кабинетинин төрагасы жакын арада эле "Келечек" сыңдуу базарларды көчүрүү демилгеси көтөрүлгөнүн окуганын айтты.
 
Жеңиш Токторбаев мэр болуп дайындал учурда эле жеке базарлардын баарына эскертүү берилгенин белгиледи.
 
Аталган жаңы базар 2024-жылдын сентябрь айында башталган. 6,7 гектар аймакка курулган базар 2400 оорундуу болуп, анда 2100 адам жумуш менен камсыз болот. 
 
Базарга жалпы 550 млн сом акча каражаты ички инвесторлор тарабынан коротулган. 
 
"Келечек", "Бексултан" базарлары үчүн жаңы орундуктар ушул жылдын 1-июлуна чейин курулуп бүтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз