Министрлер кабинетинин төрагасы Ош МУнун жаңы курулуп жаткан медициналык клиникасына барды

Бүгүн, 23-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош МУ куруп жаткан медициналык клиниканын курулуш иштери менен таанышты.
 
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков клиниканын курулуш иштери боюнча маалымат берди.
 
Кудайберди Кожобеков журналисттерге берген маалыматка караганда, клиниканын курулуш иштери 2026-жылы аяктайт.
"300 орундуу медициналык клиника 2026-жылы жаз айларында бүтөт. Клиника студенттер үчүн практикалык борбор, а Ош-Жалал-Абад-Баткен үчүн заманбап клиника болсун деп куруп жатабыз. Клиника бардык заманбап медициналык шаймандар менен камсыздалып, трансплантациялоо иштерине да шарт түзөйүн деп жатабыз. Мунун курулуш иштерине 2,5 млрд сомго чейин акча коротулуп жатат",- деди ректор.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз