Ош: Адылбек Касымалиев эки деңгээлдүү көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты
Бүгүн, 23-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев А. Шакиров, Ы. Мониев, А. Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан эки деңгээлдүү көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты.
Курулуштун жүрүшү боюнча Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Акылбек Шамаев маалымат берди.
Экм деңгээлдүү көпүрөнүн курулушу 2024-жылдын июнь айында башталып, долбоордун сметалык баасы 317 млн 886 миң 50 сом болуп, келишимдик баасы 269 млн 79 миң 946 сомду түзгөн. Анын курулуш иштерин «Гранд Сити» ЖЧКсы ишке ашырууда.
Көпүрөнүн курулушу ушул жылдын июнь айында бүтөрү айтылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.