Бүгүн Кыргызстандагы бардык мектептерде "Акыркы коңгуроо" аземи болот
Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо бүгүн, 26-майда кагылат.
2024-2025-окуу жылынын аякташы менен байланышкан иш-чаралар саат 09:00дө башталат.
Акыркы коңгуроону өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлөт. Иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери суткалык нөөмөт уюштурушат.
Мектептен тышкаркы иш-чараларда окуучулардын коопсуздугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында жыйындар өткөрүлөт.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:
Жеңил тутанма жана кооптуу фейерверктер;
Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан техникалык жабдуулар;
Экологиялык зыяндуу гелий шарларын учуруу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.