Германия, Улуу Британия, Франция жана АКШ Украинага берилген куралдын узак аралыкка атылышына коюлган чектөөлөрдү жоюшту,- Мерц
Германия, Улуу Британия, Франция жана АКШ Украинага берилген куралдардын узаак атууга коюлган чектөөлөрдү алып салышты. Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц WDR телерадиокомпаниясы уюштурган форумда билдирди, деп жазат "CentralAsia".
«Украинага берилген куралдар боюнча эми мындан ары узак аралыкка аткылоого чектөө жок. Бул Британия тараптан да, Франция тараптан да, биздин тараптан да, америкалыктар тараптан да ушундай», — деди Мерц.
Канцлердин айтымында, Германия Украинага колдоо көрсөтүүнү улантуу үчүн «колунан келгендин баарын жасайт». Дал ушундан улам, Мерц жакында Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен чогуу Киевге барып келгенин билдирди. Бул сапар «каалоочулар коалициясынын» алкагында болгон.
Анын айтымында, чектөөлөрдүн алынганы — Украина өзүн коргой алат дегенди билдирет, мисалы, «Россиядагы аскердик объектилерге чабуул коюу жолу менен». Ал белгилегендей, мурда мындай аракеттер дээрлик болгон эмес — өтө сейрек учурларды эске албаганда.
Буга чейин Батыш өлкөлөрү Украинага узак аралыкка аткылаган куралдарды бергенде, алардын колдонулушуна чектөө коюп келишкен — тактап айтканда, алар Россия аймагына сокку урууга тыюу салган. 2024-жылдын ноябрында АКШнын ошол учурдагы президенти Жо Байден Украинага ATACMS ракеталарын Россия аймагындагы бутага колдонууга биринчи жолу макулдук берген. Ошондой эле Британия менен Франция да Storm Shadow канаттуу ракеталарын колдонуудагы чектөөлөрдү алып салышканы кабарланган. Бирок бул маалыматтар Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан расмий түрдө ырасталган эмес.
Мурдагы канцлер Олаф Шольцтун тушунда Германия Украинага Taurus узак аралыктагы ракеталарын берүүдө тартынган. 2025-жылдын апрелинде Фридрих Мерц канцлер боло элек кезде, эгер европалык өнөктөштөр менен макулдашуу болсо, «бул ракеталарды Киевге бермекмин» деп билдирген. Кийинчерээк канцлер болгондон кийин, Мерц Германия Украинага курал берүү тууралуу маалыматтарды ачык жарыялабастан берүүнү чечкенин айткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.