Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 28-31-майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
«ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну эскертет! Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болуңуз»,- деп айтылат маалыматта.
Кырсыкка кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.