Өзгөндө аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Өзгөндө классташтардын 20 жылдык жолугушуусунан кийин күйөөсүн аялы атып салган. Бул тууралуу социалдык тармактарга тарады.

Ош облустук милициясынын маалыматына караганда, 2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э.  денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
 
«Бул факты каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Кулжа РИИБге жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган»,- деп айтылат маалыматта.
 
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1985-жылы туулган А.Б.  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 
 
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз