Орусия Украинага сүйлөшүүнүн экинчи айлампасын жана кайсыл жерде болорун сунуштады

Москва Киевке экинчи сүйлөшүүлөрдү 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуштады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, бул жолугушууда Россия тарап тынчтык келишиминин шарттары боюнча сунуштарды камтыган меморандумду сунуш кылууну көздөөдө. Бул тууралуу DW кабарлады, деп жазат "CentralAsia".

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага 2-июнда Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүү сунушу менен кайрылды. Шаршемби күнү, 28-майда, министрлик сайтына жарыяланган билдирүүгө ылайык, ал жакында боло турган жолугушууда Россия тарап «кризистин негизги себептерин ишенимдүү түрдө жоюу боюнча биздин позициябызды бардык аспектилери менен баяндаган» меморандумду Киевге сунуштайт.
 
«Владимир Мединский башында турган биздин делегация бул меморандумду Украинанын делегациясына сунуш кылууга жана Стамбулда келе жаткан дүйшөмбүдө, 2-июнда боло турган түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр», — деп айтылат Лавровдун билдирүүсүндө.
 
Стамбулда 16-майда акыркы үч жылдагы алгачкы түз сүйлөшүүлөр өткөн. Орусиянын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский, ал эми Украинаны коргоо министри Рустем Умеров жетектеген. Жолугушуу эки сааттай созулуп, бир катар келишимдерге жетишилген: «1000ге 1000» формуласы боюнча туткундарды алмашуу, ок атышууну токтотуу пландарын даярдоо жана кийинки жолугушууну өткөрүү боюнча принципиалдуу макулдашуу.
 
23төн 25-майга чейин Россия менен Украина туткундарды алмашты. Биринчи күнү ар бир тарап 270 аскер кызматкерин жана 120 жаранды өткөрүп берсе, экинчи күнү 307, үчүнчү күнү 303 аскер алмашылган. Бул алмашуу 2022-жылы согуштук аракеттер башталгандан берки эң ириси болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз