Пакистан менен Ооганстандын чек арасында куралдуу кагылышуу болду
Гильменд провинциясындагы талаштуу Бахрамча аймагында куралдуу кагылышуулар болду, деп кабарлайт «Аль-Арабия» телеканалы.
«Пакистан тарап жаңы чек ара көзөмөл өткөрмө пункттарын куруп жатканына байланыштуу, Ооганстандын Гильменд провинциясындагы чек арада пакистандык аскерлер менен талибдердин ортосунда кагылышуулар чыгып кетти», — деп айтылат «Аль-Арабия» телеканалынын X социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө.
Ооганстандын аймагы боюнча эң чоң провинциясы болгон Гильменд Пакистан менен чек арада жайгашкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.