"12 эмес, 41": Украина "Желе" операциясы учурунда Орусиянын канча аскердик учактары жок кылынганын билдирди
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус аскердик учактарынын жок кылынгандыгы боюнча статистикасын тактады. Ведомство жекшемби күнү болгон чабуулдун жүрүшүндө 12 эмес, 41 орусиялык аскердик учак жок кылынганын билдирди, деп жазат "CentralAsia".
Бул жаңыртылган маалымат Башкы штабдын Facebook жана Telegram баракчаларында жарыяланды.
«Ар түрдүү булактардан алынган кошумча маалыматтарды иштеп чыгып, аныктап чыккандан кийин, бир аз убакыт талап кылынганы менен, жалпы жоготуулар тууралуу маалымдайбыз: Орусия 41 аскердик учагынан айрылды. Алардын ичинде стратегиялык бомбалоочу жана башка түрдүү согуштук аба кемелери бар», — деп айтылат билдирүүдө.
1-июнда украин дрондору «Желе» (ориг. «Паутина») операциясынын алкагында бир нече орусиялык аскердик аэродромдорго чабуул жасаган. СБУнун маалыматы боюнча, 40тан ашык орусиялык аскердик учак жок кылынган. Киевдин айтымында, бул операцияны даярдоого бир жарым жыл кеткен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.