ОшМУнун клиникасында алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү
30-майда Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бейтап Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияева. Ага 35 жаштагы бир тууган иниси догор болду.
Ош МУнун басма сөз кызматы кабарлагандай, операциядан кийин бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Ушул тапта алар адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда. ОшМУ тарабынан алгачкы жолу жасалып жаткан операция бейтап үчүн акысыз болду. Төрт саатка созулган операцияны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейитбек уулу жана Орусиядан чакыртылган хирург-трансплантолог Игорь Милосердов жетектеген команда жасашты.
Операциянын өзгөчөлүгү – донордон органды лазердик ыкма аркылуу, кошумча хирургиялык кесүүсүз алышты. Бул ыкманы ОшМУнун тажрыйбалуу хиругу Кахраман Халбаев жасады. Анын айтымында, мындай ыкма бейтаптын да, донордун да организмине аз өлчөмдө зыян келтирет.
Бексултан Сейитбек уулу буга чейин Орусияда жана Түркияда окуп, 150дөн ашуун орган алмаштыруу операцияларына катышкан. Ал азыр ОшМУнун клиникасында бөйрөк жана боор алмаштыруу операцияларын өз алдынча жүргүзө баштады.
ОшМУнун медициналык клиникасында учурда заманбап шарттар түзүлгөн. Клиника чет өлкөлөрдөн алынып келинген, Кыргызстанда сейрек кездешүүчү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Алардын бири Швейцариядан алынып келинген. Анын жардамы менен канды тазалап, орган алмаштыруу операциясы учурунда бейтапка так диагноз коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев орган жана адам ткандарын трансплантациялоо тартибин жөнгө салган жобону бекиткен. Ага ылайык, өлкөдөгү төрт медициналык уюмга уруксат берилсе, ОшМУнун медициналык клиникасы тизмеге кирген окуу жайлардын алдындагы жалгыз борбор болуп саналат. Учурда клиника алгачкылардан болуп катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Эми жарандар чет өлкөгө барбай эле, заманбап жана коопсуз операцияларды бул жактан жасатууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.