Ким Чен Ын менен Сергей Шойгу Пхеньянда жолукту. КЭДРдин лидери Орусиянын тышкы саясатын колдорун билдирди
КЭДРдин төрагасы Ким Чен Ын Пхеньян шаарында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолукту. Ал эл аралык саясий маселелерде, анын ичинде Украинадагы абал боюнча да, Орусиянын позициясын жана тышкы саясатын мындан ары да колдоого убада берди, деп билдирди кореялык ЦТАК агенттиги.
Кабарга ылайык, Ким Чен Ын менен Шойгу «достук жана ишенимдүү маанайда» баарлашуу өткөрүшкөн.
Жолугушууда эки өлкө ортосунда түзүлгөн комплекстүү стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында стратегиялык кызматташууну бекемдөө жана ар түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Шойгу ошондой эле Орусиянын аскерлери менен бирге Курск облусун бошотуу операциясына катышкан кореялык аскерлерге ыраазычылык билдирди жана алар «Россиянын баалуу аймагын өз мекениндей коргоп беришкенин» айтты, деп жазат агенттик.
Сергей Шойгу менен Ким Чен Ын Курск облусун калыбына келтирүү келечегин да талкуулашканы Россиянын Коопсуздук кеңеши маалымдады.
Ким Чен Ын Орусия мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн мындан ары да жеңишке жете берет деген ишенимин билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.