Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясына жаңы ректор келди
Айгүл Муратовна Калчакеева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
9-июнда Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев АГУПКР жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.