Украина менен Орусиянын каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашуу качан болору белгилүү болду

Кирилл Буданов

Украина менен Орусиянын ортосунда каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашуу келерки жумада башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов 8-июнда өзүнүн Telegram-каналында билдирди, деп жазат "CentralAsia".
 
Анын айтымында, учурда Украинага маалыматтык басым жана алмашуу шарттарына таасир этүү аракеттери болуп жатат. «Кимди, качан жана кандайча алмашуу керектиги боюнча чечим бир тараптуу кабыл алынбашы керек», — деди ал.
 
Буданов белгилегендей, Координациялык штабда алмашууну уюштуруу боюнча иштер уланууда жана ал Түркияда жетишилген макулдашууларга негизделген.
 
«Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча репатриациялык иш-чаралар келерки жумада башталаары пландалган. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу адамдарга дагы шейшемби күнү эле кабар берилген. Душмандын “ыплас маалыматтык оюндарга” карабастан, бардык иштер план боюнча жүрүп жатат», — деп кошумчалады ал.
 
2-июнда Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын жыйынтыгында Орусиянын президентинин жардамчысы Владимир Мединский Россия Украинага Куралдуу күчтөрүнүн каза болгон 6 миң аскерин өткөрүп берерин билдирген. Украина коргоо министри Рустем Умеров да Киев өз тарабынан ушундай эле аракет жасай турганын айткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз