Россиянын Коргоо министрлиги орус аскерлеринин Днепропетровск облусуна киргенин жар салды. Украина армиясынын Башкы штабы бул маалыматты четке кагууда.

Россиянын Коргоо министрлиги 8-июндагы аскердик маалымдамасында, «Борбор» тобунун курамындагы 90-танктык дивизиянын бөлүктөрү өзүн өзүнчө жарыялап алган ДНРдин батыш чек арасына чыкканын жана Днепропетровск облусунун аймагында «чабуулду улантып жатканын» билдирди, деп жазат "CentralAsia".

Ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул маалымат «чыныгы абалга туура келбейт» деп жооп берди. «Согуштук аракеттер Донецк облусунда уланууда. Аталган билдирүү — бул Россиянын жалган маалыматы», — деди Башкы штабдын өкүлү Андрей Ковалев, анын айткандарын «РБК-Украина» басылмасы келтирди.
 
Украинанын Түштүк коргонуу күчтөрү болсо, 31-бөлүк бригадасы жооп берген аймакта кырдаал чыңалып турганын жана Россиялык аскерлер Днепропетровск облусуна кирүү аракетин токтотпой жатканын, бирок Куралдуу күчтөр бул фронттук тилкени кармап турууда экенин билдиришти.
 
Муну менен катар, 7-июнда россиялык «военкорлордун» телеграм-каналдары (айрыкча эң ири «Рыбарь» каналы) убактылуу Времьев багытында Россия аскерлери бир нече тилкеде чабуулду улантып, Днепропетровск облусунун чек араларына жакындап бара жатканын жазышкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз