Жогорку сот журналист Гүлжан Шерипбаеваны толугу менен актады

2025-жылдын 9-июнунда Жогорку сот Nazar News маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаевага карата чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Сводка АКИpress» редакциясына Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

2023-жылдын 18-ноябрында Шерипбаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шек саналып, СИЗО-1 тергөө абагына камалган. Кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган.
 
2024-жылдын 23-декабрында Биринчи Май райондук соту кылмыштын курамы жок болгондуктан аны актаган. Ал чечимди 2025-жылдын 18-мартында Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз