700 деңиз аскери жана 2000 улуттук гвардиячыны Лос-Анжелеске киргизүү: Калифорния Трампты сотко берди
Америкалык бийлик иммиграция кызматтарынын рейддеринен кийинки кагылышуулардан улам Улуттук гвардия күчтөрүнө кошумча түрдө Лос-Анжелеске 700гө жакын деңиз аскерин жөнөтүүдө, деп кабарлайт «Би-би-си».
AFP агенттигине Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлү билдиргендей, деңиз аскерлерин жөнөтүү чечими «федералдык кызматкерлерге жана мекемелерге карата коркунучтар күчөгөндүгүнө байланыштуу» кабыл алынган. Анын айтымында, аскерлер шаарга жакын жайгашкан «Кэмп-Пендлтон» деңиз аскер базасынан жөнөтүлгөн.
Аскер жетекчилигинин билдирүүсүндө, пехотиндер буга чейин жайгаштырылган күчтөр менен «жагдайга жараша интеграцияланып», «Чоң Лос-Анжелес аймагындагы федералдык кызматкерлерди жана федералдык мүлктү коргоо» ишин аткарышат.
Аскерлер ошондой эле 2100 улуттук гвардиячы жана 700 деңиз аскеринен турган 51-оперативдүү топ «жаңжалдарды басаңдатуу, элди көзөмөлдөө жана күч колдонуу эрежелери боюнча» атайын даярдыктан өткөнүн билдиришти.
Буга чейин пехотиндер жогорку даярдык абалында турганы маалымдалган. Алардын мүмкүн болуучу жөнөтүлүшү жөнүндө бийлик өкүлдөрү ишембиде эле айткан болчу.
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом деңиз аскерлерин Лос-Анжелеске жөнөтүү чечимин «президенттин акылдан адашкан кыялдары» деп мүнөздөдү.
«АКШнын деңиз пехотиндери демократияны коргоо үчүн бир нече согушка катышып, сыймыктуу кызмат өтөштү. Алар — баатырлар. Алар өз мекендештерине каршы колдонулбашы керек. Бул — диктатор президенттин жинди кыялдарын ишке ашыруу аракети», — деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасында.
«Бул — Америкага каршы аракет», — деп кошумчалады губернатор.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет кийинчерээк X социалдык тармагында бийлик өкүлдөрү «укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коргоого милдеттүү, Гэвин Ньюсом коргобосо да» деп жазды.
Шейшембиге караган түнү Лос-Анжелеске дагы 2000 улуттук гвардиячыны жөнөтүү чечими кабыл алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу алгач Гэвин Ньюсом билдирип, андан кийин Пентагон да ырастаган.
«Президенттин буйругуна ылайык, Коргоо министрлиги ICE (Иммиграция жана бажы полициясы) кызматтарын колдоо үчүн кошумча 2000 калифорниялык улуттук гвардиячыны федералдык кызматка чакырууда. Бул — федералдык укук коргоо органдары өз милдеттерин коопсуз аткара алышы үчүн зарыл», — деди ведомствонун басма сөз катчысы Шон Парнелл.
Калифорния штаты жана губернатор Гэвин Ньюсом Дональд Трампка, Пентагонго жана коргоо министри Пит Хегсетке каршы сотко доо арыз беришти. Штат бийлиги Лос-Анжелестеги нааразылык акцияларын басуу үчүн Улуттук гвардияны жөнөтүү чечими АКШ Конституциясына каршы келерин билдиришти.
«Биздин негиз салуучулар бул принциптерди Конституцияга бекемдеп жазышкан — өкмөт элге жоопкер болушу керек, мыйзам үстөмдүгү жана жарандык бийлик менен башкарылышы керек, аскерий башкаруу менен эмес», — деп жазды Ньюсом X баракчасында.
Калифорния бийлиги Сан-Францискодогу Федералдык округдук сотко берген арызында Ак үйдүн Улуттук гвардияны мобилизациялоо чечими штаттын эгемендүүлүгүн бузат деп белгилешет. Дональд Трамп колдонгон аскер күчүн колдонуу тууралуу мыйзам мятеж болгон учурда гана колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, ал мыйзам боюнча президент штатка Улуттук гвардияны киргизүү үчүн губернатордун колдоосуна ээ болушу керек.
Ал эми жекшембиде чек ара коопсуздугу боюнча жооптуу (башкача айтканда «чек ара падышасы») Том Хоман губернатор Ньюсомду жана Лос-Анжелестин мэри Карен Бассты иммиграция агенттерине тоскоол болгондугу үчүн жоопко тартуу мүмкүн экенин айтты.
Гэвин Ньюсом бул билдирүүгө жооп кайтарып, X тармагында: «Кел, аракет кылып көр» — деп жазды.
Кийинчерээк журналисттер Дональд Трамптан Том Хоман Ньюсомду кармашы керекпи деп сурашканда, Трамп: «Мен Томдун ордунда болсом, кармайт элем. Гэвин элдин көңүлүн бурганды жакшы көрөт», — деп жооп берди.
Трамптын айтымында, президенттикке талапкер болушу мүмкүн деп саналган Ньюсом Лос-Анжелестеги башаламандыктарды токтотууда «абдан начар иш» кылган.
«Карагылачы, мен Гэвин Ньюсомду жакшы көрөм, ал жакшы киши, бирок ал өтө эле жөндөмсүз, жана бул баарына белгилүү», — деп кошумчалады президент.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.