«Жаңы базар – тооккана»: Оштогу «Келечек» базарынын сатуучулары көбүрөөк убакыт берүүнү суранышты

«Келечек» базарында иштеген сатуучулардын насыясы бар. Эгер көчө турган болсо, аларды ким төлөйт? Бул тууралуу «Келечек» базарынын сатуучулары бүгүн, 10-июнь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Алардын айтымында, жаңы «Ош» базарындагы орундуктар да 10-15 миң долларга сатылып жатат. «Келечек» базарында иштеген сатуучуларда андай акча жок жана дээрлик бардыгында насыясы бар.
 
Сатуучулардын бири Патила Төрөбаева «Келечек» базарын шаардын сыртына жылдыруу жүйөсүн негизсиз деп эсептерин, 1 миң 200 сатуучунун тагдырын эч ким ойлобой жатканын айтты.
 
«Урматуу Садыр Нуркожоевич, «Келечек» базарын шаардын сыртына көчүргөнү жатышат. Бирок, алардын жүйөсүнө биз макул эмеспиз. Анткени, бул базарда 1200 соодагер, андан тышкары башка иштерди кылган адамдар иштейт. Алардын тагдырын ким ойлойт? Ошондуктан, ушул базарды жылдыруунун анык максатын тыкыр иликтеп берүүңүздү суранып келдик. Эмне максаттан ушул базарды жылдырып жатышат? 
Келечек» базары бардык талаптарга жооп берип, шаардыктарга ыңгайлуу базар. Ошол себептен, азыр эл менен акылдашпай туруп, базарды сыртка жылдырабыз деп жатышат»,- деди ал.
 
Дагы бир сатуучу Зоя Самцова 2010-жылдан бери «Келечек» базарында иштерин, жалгыз бой эне экенин, анын үстүнө насыясы бар экенин айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.
 
«Урматтуу Садыр Нуркожоевыич, мен сизге көөдөнүмдөгү көйгөйүмдү айтуу үчүн кайрылып жатам. Мен жалгыз бой аялмын. Менин артымда атам дагы, күйөөм дагы, агам дагы жок. Андагы контейнерди мен насыяга алган акчага сатып алгам. 5 жыл бою бардык нерселерден баш тартып жүрүп, насыя төлөдүм. 
 
Бул базардын администрациясы башында мага «базардын кызыл китеби бар» деп айтышкан. Жерди пайдаланууга 49 жыл укук берүүчү документ бар дешкен. А азыр эмне болуп жатат? Биз юул жашоонун сыртында калдык. Мисалы, азыр менде 4 насыя бар. Алардын бири бизнести өнүктүрүү боюнча алынган. Калган 3 насыя ден соолук үчүн алынган. Акыркы айларда абалым оорошуп, 4 оор операцияны баштан кечирдим. 
 
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиз Конституциянын кепилисиз. Сиз биздин укугубуздун жана эркиндигибиздин кепилисиз. Сизге бардык жалгыз бой аялдардын атынан кайрылам. Анткени, биз базарда иштеп, балдарыбызды окутуп жатабыз. Сураныч, бизге көңүл бөлүп коюңуз»,- деди З. Самцова.
 
Сатуучулар жаңы курулуп жаткан базар жеңил типтеги курулуш материалдары менен шашылыш убакытта курулганын, андыктан аларга көбүрөөк убакыт берүүнү суранышты. Ошондой эле, Жалал-Абадда курулуп жаткан жаңы базар ал жактагы соодагерлерге акысыз берилерин жана эски базардагы сатуучуларга көчүп кетүү үчүн 2 жыл убакыт берилгенин, бирок, «Келечек» базарынын соодагерлерин 1 айдын ичинде эле көчүрүү тууралуу шашылыш чечим чыкканын кошумчалашты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз