Медер Алиев кармалган министрдин 100 батири боюнча маалыматты текшерүүнү сурады

11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ишеним” фракциясынын депутаты Медербек Алиев Бишкекте жакында кармалган министр, жогорку кызматтагы аткаминер жөнүндө маалымат бар экенин билдирди. Анын айтымында, бул чиновниктин 100 батири бар экени айтылууда.

Ал мамлекеттик кызматкерде мынчалык мүлк кайдан пайда болгонун сурап чыкты.
 
«Алардын биринин туугандары жардам сурап кайрылышты, жакыны боюнча иштин мыйзамдуулугун карап көрүүбүздү суранышты. Айыпсыздык презумпциясы бар, ошондуктан ысымдарын атабайм. Тескерисинче, мен бул чиновникти мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылам», — деди депутат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз