Казакстандагы ири бизнесмен Жерүйдөгү үлүшүн өткөрүп берип, Forte Village курортун сатып алды

Казакстандын эң ири бизнесмендеринин бири Шухрат Ибрагимов люкс класстагы Forte Village курортунун (Италия, Сардиния аралы) бенефициары болду. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan маалымдады, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

Forbes'тин маалыматына ылайык, Forte Village курорунун оператору болгон италиялык Progetto Esmeralda S.R.L. компаниясынын акыркы кожоюну катары Шухрат Ибрагимов көрсөтүлгөн. Ал бул активди Кипрде катталган Retivia Investments Limited офшордук түзүмү аркылуу башкарат. Бул холдинг курорттук комплекстин 87,08%ына ээлик кылат. Forte Village'ке 8 мейманкана, 13 вилла, пляж, ресторандар, бассейндер жана спа борборлор кирет.
 
Бул бүтүм эл аралык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды, себеби анын тарыхы кызыктуу. Forte Village мурда орусиялык ишкерлер Муса жана Дени Бажаевдерге таандык болчу. Алар курортту 2014-жылы 180 миллион долларга сатып алышкан. 2022-жылдын февралына — Европа Биримдиги менен Британия санкция киргизердин эки ай мурун — Муса Бажаев өз үлүшүн тууганына өткөрүп берген. Ал эми 2023-жылдын февралына карата курорт Ибрагимовдун көзөмөлүнө өткөн.
 
Financial Times басылмасынын булактарына ылайык, Шухрат Ибрагимов Forte Village үчүн төлөмдү Кыргызстандагы Талас облусунда жайгашкан Жерүй алтын кени менен алектенген «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 40% үлүшү менен жүргүзгөн. Ибрагимовдордун үй-бүлөсү 2015-жылдан бери Бажаев менен бул актив боюнча өнөктөш болуп келген.
 
2023-жылдын аягында Forte Village'тин операциялык кирешеси Forbes Kazakhstan маалыматына ылайык, 82,7 миллион долларды түзгөн.
 
Шухрат Ибрагимов — маркум Алиджан Ибрагимовдун (ERG компаниясынын негиздөөчүсү) мураскери. Анын үй-бүлөсү ERG компаниясынын 20,7%ына ээлик кылат (калган акционерлер — Казакстан өкмөтү, Машкевичтин мураскерлери жана Патох Шодиев). ERGде Шухрат Ибрагимов металлургия, энергетика жана тоо-кен тармактарындагы активдерди көзөмөлдөйт.
 
Мындан тышкары, Ибрагимовдордун үй-бүлөсү «Евразия» камсыздандыруу компаниясында, Евразия өнөр жай жана өндүрүш компанияларында, Евразия банкы сыяктуу финансылык институттарда үлүштөргө ээ. Казакстанда алар «Laggar Group», «DaLaNi Group», «Eurasian Space Ventures» жана башка компаниялар аркылуу иш алып барышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз