Путин жаңы курал системаларын жайгаштыруу үчүн аскердик базаларды жана аэродромдорду алдын ала даярдоону талап кылды

Орусиянын президенти Владимир Путин 2036-жылга чейин эсептелген куралдануу боюнча мамлекеттик программаны талкуулаган жыйын өткөрүп, жаңы курал системаларын жайгаштыруу үчүн аскердик базаларды жана аэродромдорду алдын ала даярдоону талап кылды, деп жазат "CentralAsia".

«Жаңы курал системаларын жайгаштыруу үчүн базалар, арсеналдар, аэродромдор жана башка инфраструктуралар боюнча муктаждыктарды алдын ала так эсептеп, даярдыктарды баштоо маанилүү. Мындай объекттерди куруу жана жаңыртуу үчүн керектелчү каржылык ресурстар мамлекеттик программага өзүнчө сап менен киргизилиши керек», — деди Путин.
 
Анын айтымында, ал көп учурда мындай чыгымдарды «көрүнгөндөй маанилүүрөөк» башка беренелерге которуу өтүнүчү менен документтерге кол коюп келет. «Бирок бул эмне менен аяктайт? Жаңы курал системалары пайда болот, бирок алар талаанын ортосунда туруп калат жана тезирээк модернизациялоону, кошумча чыгымдарды талап кылат», — деди президент.
 
Мындан тышкары, Орусиянын президенти бардык курал системаларынын жана үлгүлөрүнүн толук комплексине арналган жаңы узак мөөнөттүү программаны түзүүгө чакырып, бул үчүн «атайын аскердик операциянын» жана «аймактык жаңжалдардын» тажрыйбасын максималдуу пайдалануу керек экенин белгиледи.
 
Ошондой эле Путин Орусиянын эгемендигинин кепилдиги болгон жана дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмагын камсыздоодо негизги роль ойной турган «ядролук триадага» өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.
 
1-июнда Украина Коопсуздук кызматы «Өрмөк» операциясын жүргүзүп, анын алкагында ондогон дрондор Орусиянын аскердик авиабазаларын — Мурманск облусундагы Оленья, Иркутск облусундагы Белая, Иваново облусундагы Иваново-Северный жана Рязань облусундагы Дягилевону соккуга алды.
 
Беспилотниктер жүк ташуучу унаалардын ичиндеги контейнерлерге жашырылып, ошол жерден учуп чыккан.
 
Украинанын Коопсуздук кызматы 41 учак жабыркаганын билдирген. Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги «бир нече учак техникасынын күйгөнүн» гана айткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз