Кыргызстан биометрикалык паспортторду экспорттоону баштады
Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн биометрикалык паспортторду экспорттоону баштады. Алгачкы чет элдик өнөктөш Намибия болду.
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, буга чейин 130 миң паспортту жеткирүү боюнча келишим түзүлүп, алар даярдалып, жөнөтүлгөн.
Президенттин иш башкармалыгынан маалымдашкандай, 10-июнда Бишкек шаарына Намибиянын расмий делегациясы келип, экинчи келишимге кол коюуга даяр экенин жана Кыргызстан менен башка багыттар боюнча да кызматташууну карап чыгууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Буга чейин Кыргызстан биометрикалык паспортторду башка өлкөлөрдүн типографияларынан сатып алып келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.