Мээрим Жуманазарова өз салмак категориясындагы рейтинг боюнча дүйнөдө 3-орунга чыкты
Мээрим Жуманазарова UWW уюмунун дүйнөлүк рейтингинде 3-орунда турат.
Жаңыртылган рейтинг Моңголияда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгында түзүлгөн, бул мелдешке Кыргызстандын балбандары катышкан эмес.
Жуманазарованын активинде 35 000 упай бар жана ал 68 кг салмак категориясындагы спортчулардын рейтингинде 3-орунда турат.
2024-жылы кыргызстандык балбан кыз Париждеги Олимпиада оюндарында экинчи орунду ээлеп, өзүнүн экинчи олимпиадалык медалын жеңип алган.
Ошол мелдештен кийин Жуманазарова азырынча килемге чыга элек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.