Бишкекте жашы жете элек кыз өлтүрүлдү
Бишкекте жашы жете электердин бири өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".
14-июнь күнү саат 04:57де милицияга бул окуя тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталган.
Шектүү катары маркумдун 2011-жылы туулган эжеси Э.И. райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.