Ташкенттеги мелдеште Кыргызстандын эки волейбол командасы коло байге үчүн ойнойт
Кыргызстандын волейбол боюнча 20 жашка чейинкилерден куралган курамасы
Кыргызстандык волейболчулар Өзбекстандагы эл аралык турнирде алгачкы жеңишин камсыз кылышты.
Учурда Ташкент шаарында Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионаты өтүп жатат. Ага 10 улуттук команда катышууда. Ошол эле маалда 16 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки оюнчулардан түзүлгөн курама командалар арасында турнир өтүүдө.
15-июнда тайпалык этаптын акыркы беттештери өттү.
Кыргызстандын 19 жашка чейинки курама командасы Өзбекстан-2 командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде (25-22, 25-21, 25-19) жеңишке жетти.
Ал эми Кыргызстандын 16 жашка чейинки командасы дагы Өзбекстан-2 менен ойношу керек болчу, бирок оюн болгон жок. Өзбекстан-2 командасына техникалык жеңилүү 3:0 (25-0, 25-0, 25-0) эсебинде берилди.
Тайпалык этаптын жыйынтыгында Кыргызстандын эки командасы тең 4-орунду ээлешти. Эми 16-июнда коло байге үчүн беттешке чыгышат.
U-16 командасы Өзбекстан-1 менен, ал эми U-19 командасы Иран менен ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.