Ош: Коомдук транспорттордо жол кире расмий түрдө кымбаттады
Ош шаарында өткөн дем алыш күндөрү коомдук транспорттордо жол кире расмий түрдө кымбаттады. Бул тууралуу Ош мэриясынын жүргүчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Жанболот Бердиев ырастады.
Анын маалыматына караганда, Ош шаардык кеңешинин токтому 12-июнь күнү Юстицияга катталып, 14-июндан баштап маршруттук каттамдарда жол кире өскөн.
Ал эми автобус жана троллейбустарда жол киренин жогорулашы бир нече күндүн ичинде ишке ашат.
Ош шаардык кеңеши 4-июнда Ош шаарындагы коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатуу боюнча токтомду колдогон.
Токтомго ылайык, кичи автобустарда -20 сом, автобус, троллейбустарда накталай төлөм – 17 сом, электрондук төлөм -15, мектеп окуучуларына автобус жана троллейбустарда -7 сом, кичи автобустарда -10 сом болгон.
Бул токтомдун күчүнө кирише менен кичи автобустарда жол кире 5 сомго, ал эми автобус жана троллейбустарда 5 сомдон 7 сомго чейин жогорулаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.