Ысык-Көлдө мектептин спорт залында асынып алган окуучу кыз каза болду

Иллюстративдик сүрөт

5-февралда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы мектепте жипке асылып, оор абалда Бишкектеги ооруканага жеткирилген 11-класстагы кыз 14-февралда көз жумду, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Маалым болгондой, 5-февралда саат 12:40 чамасында Жети-Өгүз РИИБге Жети-Өгүз райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөн. Анда Барскоон айылынын 2007-жылы туулган тургуну жипке асылып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган. Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Алдын ала териштирүү натыйжасында окуя 5-февраль күнү саат 11:25 чамасында Барскоон айылындагы орто мектептин спорт (күрөш) залында болгону такталган. Кыз спорт залдын батыш тарабында жайгашкан темир турникке асылып турган жеринен дене тарбия мугалими тарабынан табылган. Мугалим тез арада жетип келип, кызга жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге башка мугалимдер жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу райондук ооруканада жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факт Ысык-Көл ОИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталып, иш боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кыз 14-февралда Бишкек шаарындагы ооруканада каза болгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Маркум кыз 16-февралда акыркы сапарга узатылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз