Иран Израилдин армиясынын чалгын кызматы - "Моссаддын" штаб-квартирасына сокку урганын кабарлады
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматтары жайгашкан Герцлия шаарындагы имаратка жана Тель-Авивдин жанындагы «Глилот» базасы аймагында жайгашкан Израилдин аскердик чалгын кызматынын логистикалык борборуна сокку урганы маалым болду. Алгач бул тууралуу ирандык ММКлар жазып чыгышкан, кийинчерээк КСИР бул маалыматты расмий түрдө тастыктады, деп жазат "CentralAsia".
Бул окуяга чейин эле КСИР Израилге карай жаңы ракеталык соккулардын толкунун баштаганын жарыялаган. Ага чейин Иран тарап Израил тарапка карай 140 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) жөнөткөнүн билдирген. Израилдин борбордук бөлүгүндө, анын ичинде Тель-Авивде да аба чабуулуна каршы сиреналар жаңырган.
The Times of Israel басылмасы Израилдин полициясына шилтеме берип, Герцлия шаарында ракета кампалык имаратка жана унаа токтотуучу жайга тийип, автобустун күйүп кеткенин кабарлаган. Беш киши жеңил жаракат алган. Бул, балким, таңкы чабуулдун натыйжасы болушу мүмкүн. Ал эми түндө, Израил армиясы (ЦАХАЛ) билдиргендей, абадан коргонуу системалары Ирандан атылган 30 дронду атып түшүргөн.
Израиль менен Иран 13-июндан бери бири-бирине чабуул коюп келишүүдө. Израилдин ЦАХАЛ тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциясы Ирандын өзөктүк программасын жок кылууга жана региондогу ирандык аскердик-саясий күчтөрдү талкалоого багытталган. Бул операциянын жүрүшүндө бир нече ирандык генералдар жана окумуштуулар каза болушкан. Өз кезегинде Иран Израилдин аймагын ракеталар жана дрондор менен аткылап жатат. Жалпысынан 20дан ашуун адам каза болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.