Кыргызстандык кыздардын клубу атаандашын 24:0гө жеңди. Анын 11 голун кыргыз футболчулары киргизген

Айжан Боронбекова.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын футболчусу Айжан Боронбекова быйылкы сезондо Казакстандын чемпионатында «Актобе» клубунун курамында ойноп жатат, деп жазат "Спорт АКИпресс".
 
16-июнда кыргызстандык оюнчу ойногон команда «Окжетпес» клубу менен беттешип, 24:0 эсебинде ири жеңишке жетишти.
 
Боронбекова оюнду негизги курамда баштап, 19-мүнөттө гол киргизип, эсепти 4:0 кылды. Бул гол кыргызстандык футболчу үчүн быйылкы сезондогу алгачкы гол болду.
 
«Актобе» командасында Кыргызстандын дагы бир оюнчусу — Алина Литвиненко да ойнойт. Ал бул беттеште дека-трик жасап, 10 гол киргизди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз