Электр энергиясынын жапырт өчүшү. Кырсык кайсыл подстанцияда болгону айтылды
Алдын ала маалымат боюнча авария Кара-Балта — Башкы линиясы аркылуу болгон. Бул тууралуу 18-июнда Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев Tazabek агенттигине билдирди.
«Алдын ала маалымат боюнча Кара-Балта — Башкы линиясынын кыска туташуусунан улам болгон. Бул — Кыргызстандын улуттук электрдик сети (НЭСК) тармагындагы системалык авария. Ошондуктан бардык нерсе өчүп калды, системалык авария, чоң жүктөм болгон. 220 кВттык линиядагы тармак жабыркаган», — деди вице-мэр.
Байгазиевдин айтымында, Бишкек ЖЭБинде (ТЭЦ) бардыгы жайында. Автоматика ЖЭБди борбордук системадан бөлүп салган.
«Авария болгон учурда автоматика ЖЭБди өз алдынча режимге өткөрдү, азыр кайра тармакка коштук», — деп түшүндүрдү Байгазиев.
Маалымат булактарына ылайык, азыр Токтогул ГЭСи—Датка 500 кВ ЛЭПи оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Маалымат үчүн
Кара-Балта — Башкы ЛЭПи Жайыл райондук электр тармактарына карайт, ал Кара-Балта шаарында жайгашкан.
Тарыхы
2025-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Энергетика министрлиги авариялык өчүрүү болгонун ырастаган.
НЭСК алдын ала маалыматында, подстанцияда авария болгонун билдирген, бирок борбор калаанын жанындагы Ленин айылында жайгашкан ири «Башкы» подстанциясында авария болгону тастыкталган эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.