Кыргызстандын футзал командасы 2024-жылкы дүйнө чемпионатынын жарым финалчысын утту
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Хорватияда өтүп жаткан эл аралык турнирде жеңиш менен старт алды.
Futsal Week June Cup аттуу турнир 18-июнда Пореч шаарында старт алып, анда төрт команда катышууда.
Биринчи айлампада кыргызстандыктар Франциянын курамасы менен ойноп, жеңишке жетишти. 26-мүнөттө Ислам Туратбеков атаандаштын катасын пайдаланып, эсепти ачты. Ал эми 37-мүнөттө команданын капитаны Кайрат Кубанычов топту бош дарбазага киргизип, айырманы эки голго жеткирди. Француздар оюн бүтөрүнө аз убакыт калганда бир гол кайтарып, эсепти кыскарта алышты.
Жыйынтыкта оюн 2:1 эсебинде Кыргызстан командасынын пайдасына жыйынтыкталды.
Франциянын курамасы ФИФАнын рейтингинде 10-орунда турат жана 2024-жылдагы дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин жеткен.
Бул топтогу экинчи оюнда Нидерланддар Черногорияны 3:1 эсебинде жеңишти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.