Кыргызстан менен Өзбекстандын ардагерлери футзал боюнча эл аралык турнир башташты

Кыргызстан менен Өзбекстандын 60 жаштан жогорку ардагерлеринин арасында «Достук 60+» аттуу футзал боюнча эл аралык турнир башталды. Өзбекстандын Кокон шаарында старт алган иш-чарада шаар мэри Маруфжон Усмонов спортчуларга ийгилик каалады.

Бул тууралуу кыргызстандык «Ынтымак Эл» командасынын капитаны Камалбек Раимжанов маалымдады.
 
Бул мелдешке Кыргызстандан беш команда: «Ынтымак Эл» (Ош шаары жана Араван району), «Учкун» (Кара-Суу району), «Ихлас» жана «Кара-Таш» (Ноокат району), «Сузак» (Жалал-Абад облусу) катышууда.
 
Ал эми Өзбекстандан Фергана облусунун Кокон, Чимён, Андижан облусунун Анжиян, Мархамат шаарлары жана Наманган облусунун Нарын районунан келген командалар күч сынашат.
 
Алгачкы оюн ушул жылдын 10-майында Өзбекстанда башталды, эми кийинки беттеш Кыргызстанда өткөрүлөт. Турнир 10 айда жыйынтыкталат.
 
“Чек аралардын ачылганы жакшы болуп, элдердин достугун, ынтымагын ушинтип спорт менен да бекемдеп жатабыз. Бул эл аралык тернирге Кыргызстандын футзал федерациясы менен жергиликтүү бийликтери да колдоо көрсөтө турган болууда”,-деди К.Раимжанов
 
Ушул эле спорттук иш-чара былтыры, 2024-жылы да өткөрүлгөн, анда Кыргызстандын үч, Өзбекстандын 2 команда беттешкен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз