Бишкек: 7-кичи райондо эркек кишини бычак менен бир нече ирет сайууга шектелген жаран кармалды

Кылмышка шектүү адам кармалды, деп билдирди 19-июнда Октябрь райондук ИИБинин маалымат кызматы.

Окуя 18-июнда 7-кичи районунда болгон: эркек кишини бычак менен бир нече жолу сайып жиберишкен.
 
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси («Бейбаштык ниет менен өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу») боюнча кылмыш ишин козгоду.
 
Октябрь РИИБинин кызматкерлери 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз