Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
 
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчтүү болушу ыктымал.
 
Шамал батыштан ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жетет.
 
Абанын температурасы:
 
Чүй облусу
Түнкүсүн: +18...+23°С
Күндүз: +29...+34°С
 
Талас облусу
Түнкүсүн: +12...+17°С
Күндүз: +26...+31°С
 
Баткен облусу
Түнкүсүн: +20...+25°С
Күндүз: +30...+35°С
 
Ош, Жалал-Абад облустары
Түнкүсүн: +20...+25°С
Күндүз: +30...+35°С
 
Ысык-Көл облусу
Түнкүсүн: +14...+19°С
Күндүз: +22...+27°С
 
Нарын облусу
Түнкүсүн: +10...+15°С
Күндүз: +24...+29°С
 
Бишкек шаарында
Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамал ылдамдыгы 4-9 м/с, кээде 14 м/с чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21°С, күндүз +31…+33°С.
 
Чолпон-Ата шаарында
Түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамал 4-9 м/с.
Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19°С, күндүз +24...+26°С.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз