Кара-Сууда турак үйдөн чыккан өрт бала бакчага жайылган. 87 бала эвакуацияланды. Видео

Бүгүн, 19-июнь күнү 16:06да Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Ак-Өргө көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн, деп билдирди ӨКМден.

Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 15:09да Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, кошумча түрдө саат 15:15те жана 15:21де кошумча 2 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылды.
 
"Өрт өчүрүүчүлөр кырдаалды көзөмөлгө алып, өрт чыккан үйдөн газ баллонун өз убагында алып чыгышып, андан ары жарылууну болтурбоого жетишишти. Өрт саат 16:07де чектөөгө алынды",- деп айтылат маалыматта.
 
Өрттүн кесепетинен кошуна жайгашкан турак үйдүн чатыры жана жеке менчик бала бакчанын ашканасы зыян тартты. Өрт учурунда бала бакчада болгон 87 бала өз убагында  эвакуацияланып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
 
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Кошумча маалыматтар берилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз