UFC'нин президенти Мыктыбек Оролбай уулун сындады

UFC президенти Дана Уайт 2025-жылдын 23-июнунда Бакуда (Азербайжан) өткөн UFC on ABC 8 турниринен кийин Кыргызстандын өкүлү Мыктыбек Оролбай уулун сынга алды, деп жазат "Спорт АКИпресс".

Аталган турнирде кыргызстандык мушкер азербайжандык Тофик Мусаев менен беттешип, биринчи раундда колго жасалган бол болуу ыкмасы (кимура) менен жеңишке жетти.
 
Башында бул беттеш жеңил салмак категориясында (70,3 кг) өтүшү керек болчу. Бирок таразага тартуудан кийин беттеш ортоңку салмак чегинде (75 кг чейин) өтө турганы белгилүү болду. Оролбай уулу 74,84 кг, ал эми Мусаев 73,9 кг салмак көрсөттү.
 
Турнирден кийин өткөн маалымат жыйында журналист Дана Уайттан: “Оролбай уулу 50 миң долларлык бонуска татыктуубу?” – деп сурады.
 
Дана Уайт мындай деп жооп берди: «Салмакты түшүрө албаган балабы? Ал салмакты түшүргөн жок, 10 фунтка ашыкча чыкты. Беттештен кийин ал мага келип, бир күнү чемпион болорун айтты. Мен ага: “Адегенде салмакты туура түшүрүүнү үйрөн” – деп жооп бердим. Эгер сен 10 фунтка ашыкча чыгып жатсаң, дүйнө чемпиону боло албайсың”, – деди Уайт.
 
Турнирдин жыйынтыгы боюнча 50 миң долларлык «Күндүн эң мыкты беттеши» жана «Күндүн мыкты аткаруусу» сыйлыктары Назим Садыхов (Азербайжан) жана Николас Моттага (Бразилия) ыйгарылды. Ар бир мушкер 100 миң доллардан алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз