Эржан Токотаевге Италиянын кайсыл клубу кызыгуу билдирген?

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев карьерасын улантууга мүмкүн болгон өлкөлөр тууралуу айтып берди, деп жазат "Спорт АКИпресс".

Өткөн сезондо ал Түркиянын «Шанлыурфаспор» командасында ойногон. Ал клуб экинчи лигага түшүп кеткен.
 
20-мартта Токотаев Кыргызстан курама командасы менен Ташкентте Өзбекстанга каршы оюнга чыккан (0:1). Ал оюнда дарбазачы Элдор Шомуродов тепкен пенальтини тосуп, бир нече жолу командасын голдон сактап калган.
 
Ошондон кийин маалымат каражаттарында Токотаевге Орусиянын, Өзбекстандын жана ал тургай Европанын клубдары кызыгып жатканы тууралуу жазыла баштаган.
 
«Өзбекстан менен болгон оюндан кийин Италиядан клубдар кызыгып жатканы тууралуу жаңылыктар чыкты. Ачыгын айтканда, өзүм да ишене албай койдум. Агентиме чалып сурадым. Ал “Парма” клубу менен байланышканын айтты. Алар дарбазачы издеп жаткан эмес, бирок агентим менен сүйлөшүп, менин маалыматтарымды алышкан экен. Демек, азыр клубда мен тууралуу маалымат бар.
 
Азыр Сербия, Швеция, Болгария, Орусия жана Өзбекстандан сунуштар бар. Биз июнь айын күтүп, бардык сунуштарды чогултуп, андан соң эң жакшысын тандайбыз деп чечтик», – деп айтып берген Эржан Токотаев Sport hub ютуб-каналына берген маегинде.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз