"Кыргызстаным, сен бар үчүн биз барбыз",- М. Каракозуев

Маметжума Каракозуев

Маметжума Каракозуев – көп жылдык мамлекеттик кызматтарда иштеп, элине ак кызмат кылган инсан. Ал 1952-жылдын 15-мартында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 1973-жылы Оштогу Соода техникумунда мугалимдиктен баштаган.Ошондон тарта өмүрүнүн эң мыкты бөлүгүн мекенге кызмат кылууга арнап, экономист, инспектор катары Ош шаардык жана облустук деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарды аркалап, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кайдыгер карабай чабыты кенен замандашыбыз. Өзгөчө экология, экономика жана бажы кызматындагы тажрыйбасы зор. Мындан тышкары, ал аксакалдар сотунун мүчөсү болуп, коомдук иштерге да активдүү катышып келе жатат. Мамлекеттик кызматтагы узак жылдык тажрыйбасы үчүн бир нече сыйлыктар менен да сыйланып, азыркы учурда ардактуу эс алууда.

 
Ал эми Маметжума Каракозуевди өзгөчө кылып көрсөткөн сапаты — анын акындык өнөрү, албетте бала кездеги кыргыз адабиятына болгон шыгы тынч жаткырбай көп жылдан бери калем кармап, жүрөк кыймылын кагаз бетине түшүрүп келет. Анын ырларында мекенге болгон сүйүү, ата журттун даңкы, эл-журттун тагдыры, патриоттук сезимдер менен табияттын шайкеш келген кубулуштары кеңири чагылдырылат. Акындын саптарынан кыргыз элинин тарыхы, жашоосу, каада-салты, баалуулуктары жана бүгүнкү турмушу айкын көрүнүп турат.
 
Ал көбүнесе элдин башына түшкөн оор учурларды, жаратылыштын кайталангыс кубулуштарын, тарыхта кала турган окуяларды ыр менен сүрөттөп кара сөздү ыр сабына батырып келет. Анын чыгармаларында ата-бабаларга болгон урмат, кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусу, рухий тазалык жана адеп-ахлак башкы темалардын бири катары орун алып келет.
 
Ал чыгармалары менен окурманын ойго салып, мекенге болгон сүйүүнү ойготот. Акын катары да, жаран катары да өз элине таза кызмат кылып келе жаткан инсандардын сап башында турат. Маметжума Каракозуев — жүрөгү эл деп соккон, ырында мекенди даңазалаган, өмүрүн эл-журтка арнаган чыныгы мекен уулу. Ырларына обон жазылып эл ичинде кеңири ырдалып жүрөт.
 
Альпинист кызга
 
Түбөлүк мөңгү -  ак музда,
Кыргыздын туусу желбирейт.
Бороон-шамал ышкырып,
Этек, жеңди өпкүлөйт.
Бийиктик өргө шаштырып,
Бакытка самап жетсин дейт.
 
Бак-шактуу гүлзар калаадан,
Жол жүрүп бийик сапарга.
Тоолордун ак муз мөңгүсү,
Шамалы ырдап башкача.
Аруулук менен бийиктик,
Айкашып турган таптаза.
 
Ала-Тоо көзгө элестеп,
Чын дүйнө, жалган дүйнөдөн.
Тууган жер элди миң эстеп,
Бийиктик эңсеп көрбөгөн,
Бороонго бетин өптүрүп,
Баратты бакыт издеген.
 
Күз
 
Жол боюнда коон-дарбыз жалдырайт,
Дыйкан дале кетмен менен талаада.
Суулар неге күрпүлдөбөй шалдырайт,
Сары талаа, боз адырлар санаада.
 
Топ-топ болуп, аңыз толо таранчы,
Жүзүм зарда жүзүм өңү сапсары.
Сапар карып, тынч эмеспи санаасы,
Кылыз-сары токой чердин арасы.
 
Козу-улактар ээрчип эмбей энесин,
Бышкан чөптүн тандап терет бүрлөрүн.
Көк кашка суу бүт чөгөрүп элесин,
Сүрөтчүнүн сүртөт боек түрлөрүн.
 
Сапырылып саман жатат кырманда,
Баары тепсейт: эшек, ую, жылкысы.
Шамал согот обон болуп ырларга,
Жылдыздардын качып турат уйкусу.
 
Комбайндар катар жүрүп күркүрөп,
Машинага кызыл тоодой үйүлүп.
Кырмандагы чоң моло таш күрсүнөт,
Өгүздү эстеп күш-күш тарткан күйүгүп.
 
Кыргыздын жери керемет
 
Кыргыздын жери керемет,
Суулары ташты ташка уруп.
Кум болуп алтын эленет.
Көк бөрү тартып, күлүк чаап,
Үстүндө жүргөн тебелеп,
Кыргызым аны сезе элек.
 
Ак мөңгү тоолор коргондой,
Мөңгүлөр уктайт ойгонбой.
Булактар туйлап аскадан,
Күү чыгат комуз толгонбой.
Аскалар ырдайт жаңырып,
Оркестр коюп койгондой.
 
Адырлар толгон кызгалдак,
Алдыман тосот кол булгап.
Арчалар, кайың, карагай,
Шуулдап ырдайт сыр сурап.
Атырын чачып айлана,
Ыргалып гүлдөр кол сунат.
 
Ата журт
 
Оо, кутман жер, берекеси төгүлгөн,
Оо, кутман эл, аалам сыйган пейлиңден.
Уруусун да, туурусун да алпештеп,
Кубат берген, дымак берген энем сен!
 
Ызгаар суук, бороондорго кайыкпай,
Сыйына да, ыйына да камыкпай.
Ырыс чачып, дөөлөт берип келесиң,
Күн сыяктуу нурун төгүп шайма-шай.
 
Бергендерден алгандар көп кайтарбай,
Берекесин же чыгымын айта албай.
Оо, кутман эл, оо, кутман жер,
Баарын көрүп, баарын багып жаткандай.
 
Оо, кутман жер, берекеси төгүлгөн,
Оо, кутман эл, аалам баткан пейлиңден.
Сен болбосоң жерсиз, тилсиз биз кимбиз?..
Ата журтум, алпештеген энем сен.
 
Кыргызстаным, сен бар үчүн биз барбыз!
 
Даңктана бер, эркин элим, Кыргызстан,
Эркиндигиң ынтымакка жарашкан.
Желбиресин кызыл тууң нур чачып,
Эгеменсиң, эркин элсиң,
Кылымдардан ата-бабам самашкан.
 
Эркин элим, азаттыктын жолунда,
Өз тагдырың, келечегиң колуңда.
Касиеттүү Ысык-Көлүм, Ала-Тоо,
Качан болсо жүрөгүмдө, оюмда.
Өс, өркүндө, азаттыктын жолунда.
 
Ата мекен сен бар үчүн биз барбыз,
Сени менен дил, тил бирге бир жанбыз.
Атилладай, айкөл Манас баатырдай,
Эркиндикти биз коргоого даярбыз!
 
Түндүктөн ай, күн нур чачып,
Кызыл туу турсун нурланып.
Эгемен элим өркүндөп,
Урпактар турсун кубанып.
Кымбатсың, Кыргызстаным!
 
Кыргызстаным, сен бар үчүн биз барбыз,
Кылым бою кызматыңа даярбыз.
Кең Ала-Тоо, токой, көлүң, талаалар,
Көздөй сактап, гүлдөтүүгө жарайбыз,
Кыргызстаным, сен бар үчүн биз барбыз!
 
Сен гана
 
Ошол күнү билбейм неге ашыктым?
Бороон күчөп, турган эле кар учуп.
Биле албадым, мынча неге жашыксың?
Бирок калдың жүрөгүмдө сен уюп.
 
Карлар учуп, алай-дүлөй айлана,
Карааның да горизонттон узады.
Карегимде, жүрөгүмдө сен гана,
Көкүрөктү үмүт сүйүү тушады.
 
Улуу тоолор, ашуу-ашуу белестер,
Ушул жолго тагдыр үмүт байланган.
Укмуш сүйүү бир жандыбы ким эстээр...
Улам күчөп, жанар тоого айланган.
 
Алай, Памир - улуу тоолор айкашып,
Ай, жылдыздар нурун төгүп башкача.
Ушул тоого улуу достук жарашып,
Жетпей турдуң, эсте турдуң сен гана.
 
Жанып, күйүп жылдыз учат асманда,
Жүрөгүмдөн сага деген учкунбу?
Сездиң бекен, сезбедиңби сен гана,
Сагынычты бороон сага учурду.
 
Улуу Памир эмнегедир тунжурап,
Кызыл-Арттан кыя карап күн күлдү.
Сен кеткен жол үмүт улап, кут улап,
Сезидерди сыйдыра албай, күн жылды.
 
Маметжума Каракозуев,
Ош шаары.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз