
Ата-энем жүзгө чыгып жашасын дейт экенсин. Өлүм ар бир адамдын башында бар экенин билсем да, атам менен апамды эч өлүп калат деп ойлобопмун. Алардын акыркы демин, акыркы сөзүн укпай, оозуна суу тамыза албай калганыма өкүнөм. Атаганат, бул жалганда сүйүнтүп өмүр берип, күнү келгенде өксүтүп кайра алат тура. Таянган аска тоолорум кулады, жашым алтымыш ашканда минтип бозала жетим болдум. Арка-бел болгон экөө тең эми арабызда жок. Удаа көз жуумп, ээрчишип кете берди. Тооба, апам 20-февраль күнү, атам 27-февраль күнү көз жумду. Мени, бир туугандарымды жараткан, өмүр берип жашообузду жарык кылган садага болоюндарым, Сиздерге миң мертебе таазим кылам. Асылым атам, жаным апам Сиздердин жаркын элесиңиздер, бизге берген мээримиңиздер ар качан биз менен бирге жашай берет. Жаратканган шүгүр, экөө тең жакшы жашады деп өзүмдү- өзүм соороткондон башка айла жок. Апам 78 жаштан, атам 88 жаштан ашып жашады. Экөө 4 уул, 6 кызды татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирди. Уул үйлөп, кыз чыгарды, небере-чеберелерди көрдү. Айылдын ардактуу карыясы болуп, бакубат өмүр сүрүштү.
"Ата", “Апа” деген сөз кулакка кандай жагымдуу угуларын эми туйдум. Бул сөз жүрөктү жылыткан, тынчтык берип, жан дүйнөнү эркелеткен сөз экен. Мурда аны күн сайын айтсам да, анын терең маанисине тереңдеп ойлончу эмес экенмин. Эми үйдүн босогосун аттаган сайын атакем менен апакемдин мээримдүү көз карашын издейм. Күтөм...
Асыл атам, жаным апам, аска тоолорум кулады. Биз төрөлүп, биз чоңойгон, үйдүн өчтү чырагы. Алардын жоктугу менен жашоо башкача түстөргө боёлду. Бирок алардын сүйүүсү, үйрөткөн баалуулуктары, ар бир акыл-насааты жан дүйнөмдө сакталат. Аларды сагынганда, көздү жуумп, жүзүн элестетем. Анткени алар менин жүрөгүмдө түбөлүккө бирге. Атамдын мээримдүү жүзү, апамдын жылуу сөздөрү жанымда.
Атам отурган төр бош, апам дайыма кам көргөн очок муздак. Үй ичинде алардын адеп айтып, бизге сиңдирген таалим-тарбиясы, керээз мурасы бар. "Балдарым, ынтымактуу болгула. Жакшылык-жамандыкта бири-бириңерге тирек болгула…" деген алардын асыл сөздөрү он бир туугандын жүрөгүндө өчпөй жашайт. Бизге ата-энебиздин жоктугун кабыл алуу өтө оор болду. Бирок өмүр алар менен кошо токтоп калбайт экен. Биз алардын артында калган мурасы, бизге үйрөткөн нарк-насилин улап, айткан акыл-насааттарын ишке ашыруубуз абзел.
Каңырыгыбыз түтөп, көңүлдө жалгыздык өкүм сүрүп турат. Бирок аларды эскерип, алардын жытын сагынып жашоо – мен үчүн, бир туугандарым үчүн турмуштун жаңы сыноосу болду. Бул дүйнөнүн кыска экенин, жашоонун убактылуу экенин билсек да, аларсыз жашоо өтө оор.
Асылым атам, жаным апам, биз силерди сагындык. Ар бир көз ирмемде, ар бир демибизде силерди эстейбиз. Силердин мээримиңиздер, кеңешиңиздер, жылуу сөзүңүздөр бизге түбөлүк жетишпейт. Биз силерди эч качан унутпайбыз. Ылайым эле, ээрчишип бейиш төрүндө болунуздар. Сиздердин жыттап өпкөн, мээрим төккөн кучагыңыздар бизге жетпейт.
«Балдарым, аман болгула» деген сөзүңүздөр жаңырып турса да, үнүңүзддөрдү дагы бир жолу угууга зарбыз. Мезгил өтсө да,
сиздерге болгон сагыныч өзгөрбөйт, кемибейт. Сиздердин бизге берген тарбия, мээрим, бизге үйрөткөн акыл-насаат — өмүр бою жол көрсөтчү жарыгыбыз. Биз сиздерди сүйөбүз, сагынабыз, эстейбиз…
Өмүрүн эмгекке, жан дүйнөсүн өнөрго арнаган
Атам Матиев Сапарбай 1939-жылдын 23-февралында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кулбай-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Анын бала чагы согуштан кийинки оор мезгилге туш келген. Алгачкы билимди №28- Политотдел орто мектебинен алып, 8 жылдык мектепти аяктаган соң, талыкпаган эмгек менен турмуштун ар түрдүү баскычтарынан өттү. Жашынан эмгекке шыктуулугу менен айырмаланган, айдоочу, моторист, монтер болгон, кийин мектепте мугалим, айылдык клубдун директору кызматын аркалаган.
Ошол эле учурда Өзгөн райондук “Октябрь Туусу” гезитинин сырт кабарчысы, республикалык “Советтик Кыргызстан” гезитинин айылдык кабарчысы да болгон. Анын калемине таандык көптөгөн фельетон, сын макалалар айрым аткаминерлердин жемкорлугун ашкерелеп чындыктын жүзүн ачкан, ал чукугандай сөздү таап сүйлөгөн көрөңгөсү бай адам эле. Ар убак ички дүйнөсүн өнөр менен байытып, жүрөгүнө ыр түнөткөн, ак кагазга келиштирип сүрөт тарткан, комуз чертип, төгүп ырдаган. Мезгил менен жарышып турмуштун кайгы-кубанычын кылдат терип иргеп жазган, жаратылышынан таланттуу, жан дүйнөсү сезимтал жана көркөм табитке бай болгон.
Жүрөгү мээримге толгон эне
Апам Султанова Зыйнат 1947-жылдын 8-мартында тагдырдын өзү белек кылган аялдардын эл аралык күнүндө, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кулбай-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач билимди №28- “Политотдел” орто мектебинен алып, андан соң Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы кыздар орто мектебинде билим алып, өз учурунда аялдар үчүн сейрек жол болгон билим жолуна түшкөн. Эмгек жолун айылдык балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеп баштаган. Көптөгөн балдардын бала чагына жылуулук, тарбия жана мээрим берип, өзүнүн талыкпаган эмгеги менен айыл элинин алкышына арзыган. Анын жумшак мүнөзү, көкүрөк толо кең пейили, бала тарбиясына кайдыгер карабаган өзгөчө мээрими бул кесипти өз деңгээлинде аркалоосуна өбөлгө болгон. Бош убактысында килем, кийим, таар токуп, жип ийрип, кийиз басып, ата-бабалардан калган кол өнөрчүлүк өнөрүн уланткан.
Асыл атам, жаным апам,
Аска тоолор кулады.
Биз төрөлүп, биз чоңойгон,
Үйдүн өчтү чырагы.
Өбөк болгон өзүңөр жок,
Эми мен кимге барам.
Миң айланып тегеренген,
Мээримди кимден табам.
Атакем менен апакем,
"Жаным балам" дечү эле.
"Айланайын балдарым" деп,
Ак батасын берчү эле.
Ата-энемдин үндөрүн,
Түшүмдө мен угамын.
Асылдарым жанымда жок,
Аза күтүп турамын.
Болсо алар жанымда,
Гүл берет элем колуна.
Кыса кармап кучактап,
Көтөрөт элем жонума.
Апам чебер узанган,
Көз алдыма келет көп.
Атам болсо ыр жазып,
Калем кармап элестеп.
Жараткандын бир сыноосу,
Жазмышы экен бу дагы.
Өмүр бою мен силерди,
Унута албайм сыягы.
А.САПАРБАЕВА.