Ош: Курулушуна 8,5 млн сом жумшалаган көпүрө пайдаланууга берилди
Ош шаарында жөө адамдар үчүн көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Ош шаарынын Курманжан-Датка муниципиалдык аймактык башкармалыгында Озгур жана Төлөйкөн айылдарын бириктирген жөө адамдар үчүн көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Көпүрөнүн узундугу 28 метр, туурасы 1,7 метрди түзөт.
"Жаңы көпүрө жарактан чыккан эски көпүрөнүн ордуна курулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 8,5 миллион сом каражат бөлүнүп, курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган",- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.