Алтынбек Эргешов Президенттин Нарындагы өкүлү кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болду
Эргешов Алтынбек Калдарович Чүй облусунун Токмок шаарына мэр болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Эргешов Нарын облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аткарган.
УКМКнын кызматкерлери кечээ Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусуевалиевди кармашкан. Бүгүн президент аны кызматтан бошотту.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.