«MBANK» жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды
Мессенджерлерде «MBANK» тууралуу жалган ушактар тарады. Бул чындыкка туура келбейт! «MBANK» туруктуу иштеп, бардык милдеттенмелерин аткарууда. Банк өзүнүн аброюн коргоо максатында укук коргоо органдарына расмий арыз берди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Акыркы убакта мессенджерлерде MBANKтин ишмердүүлүгү тууралуу жалган маалыматтар кеңири таралууда. Бул маалыматтар таптакыр жалган экендигин баса белгилейбиз. MBANK туруктуу, кадимки тартипте иштеп, кардарлар алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарууну улантууда.
Атайылап жалган маалымат таратылгандыгы боюнча MBANK тиешелүү укук коргоо органдарына расмий арыз тапшырды. Банк өзүнүн аброюн жана кардарларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Мындай маалыматтар тынчсыздануу жаратышы мүмкүн, ошондуктан MBANK ишенимдүү, такталган гана маалымат булактарына ишенүүгө чакырат. Банктын расмий сайты — www.mbank.kg — эң негизги жана так маалымат булагы болуп саналат.
MBANK ар дайым кардарлардын суроолоруна жооп берүүгө жана бардык күмөн саноолорду жокко чыгарууга даяр. 3333 номери аркылуу байланыш борборуна же жакынкы MBANK бөлүмүнө кайрылууга болот.
Банк ар бир кардарынын ишенимин баалайт жана кызматтарынын ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.